АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана анын жубайын коррупцияга айыптады. Бул тууралуу Помпео өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.
«Мен Кыргызстандын мурдагы кызматкери Райымбек Матраимовду жана анын жубайын коррупцияга айыптап, Магнитскийдин тизмеге кошулушун кубаттайм. Биз биргеликте гана коррупцияга каршы туруп, дүйнө жүзү боюнча адам укуктарынын бузулушу үчүн жооп бере алабыз», — деп жазган ал.
Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов АКШнын Каржы министрлиги тарабынан кара тизмеге киргизилгени маалымдалган.