Райым Матраимов АКШнын кара тизмесине киргизилди

Райым Матраимов АКШнын кара тизмесине киргизилди

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов АКШнын Каржы министрлиги тарабынан кара тизмеге киргизилди. Бул тууралуу маалымат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Анда “Магнитский акты” деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

49 жаштагы Райымбек Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары мекеменин төрага орун басарлыгын аркалаган.

Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.

Финансы министрлиги тарабынан экономикалык мунапыс үчүн ачылган бирдиктүү депозитке Райымбек Матраимов жалпы 807.3 млн сом которгон.

«Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен бирге Матраимовдун бажыдагы ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөрүн жарыялаган. Анда Матраимов Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарып кеткени айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>