«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери улануудаБишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө«Көлөкө менен кармаш»: Валентина Шевченко UFC титулун коргоо алдында Кыргызстанда машыгуудаБишкекке аймактардан 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылды
Райым Матраимовдун жубайы дагы АКШнын кара тизмесине киргизилди
11.12.2020 | 10:59
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана анын жубайын коррупцияга айыптады. Бул тууралуу Помпео өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.
«Мен Кыргызстандын мурдагы кызматкери Райымбек Матраимовду жана анын жубайын коррупцияга айыптап, Магнитскийдин тизмеге кошулушун кубаттайм. Биз биргеликте гана коррупцияга каршы туруп, дүйнө жүзү боюнча адам укуктарынын бузулушу үчүн жооп бере алабыз», – деп жазган ал.
Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов АКШнын Каржы министрлиги тарабынан кара тизмеге киргизилгени маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом