Руслан Бекназаров үй камагына чыкты

Руслан Бекназаров үй камагына чыкты

Бүгүн, 2-ноябрда Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров үй камагына чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук сот Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөн. Ал 12-декабрга чейин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө. Ал 14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган.

Руслан Бекназаров — саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу. Азимбек Бекназаров уулунун кармалышын өзүнүн азыркы бийликке айткан сындары менен байланыштырып, ага эскертүү катарында жасалган иш-аракет катары көрөрүн билдирген. Азыркы тапта Азитмбек Бекназаровдун өзү «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип эки айга камакка алынган.

Жапырт камоолор. Канча киши жана кимдер камалды?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>