Үч балалуу эне 6 миң сом уурдоого шектелүүдө. Соттун түшүндүрмөсү

Үч балалуу эне 6 миң сом уурдоого шектелүүдө. Соттун түшүндүрмөсү

Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу кечээ СИЗО-1ге барып, абактагылар менен баарлашты. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, абактагылар сот системасына нааразы болуп жатышат.

«Алар сот системасына абдан нааразы, айлап-жылдап күтүп жатышканын жана соттук отурумдар  тынымсыз жылдырылып жатканын айтышты. Мисалы, бир аял 6 миң сом уурдаган деген айып менен абакта отурат, анын үч баласы бар. Уурулукка шектелип кармалып, бирок азыркыга чейин сот отуруму боло элек экен», — деди депутат.

Бул иш боюнча Свердлов соту түшүндүрмө берди. Соттон билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштар боюнча айыпталып жаткан Т.М.Т.га карата кылмыш ишинин материалы сотко 27-октябрда келип түшкөн. Шектүү 17 миң сомдук мүлктү уурдоого айыпталууда. Бул боюнча соттук иш 4-ноябрга белгиленген.

Бул кылмыш ишин Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү 26-сентябрда козгогон.

10-октябрда айыпталуучу Т.М.Т 1 айлык мөөнөткө, башкача айтканда 2022-жылдын 8-ноябрына чейин Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилген.

Айыпталуучунун баш коргоо чарасын кароо учурунда анын өздүгүн тастыктаган документи жок болуп, ага байланыштуу камакка алынган. Баш коргоо чарасын белгилөө чечими даттанылган эмес. Сот бул аялдын үч баласынын экөө жашы жете элек экенин жана ажырашкандан кийин алар атасы менен жашап жатканын белгиледи. Шектүү өзүнчө жашайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>