Аткезчилик кылган жарандын «КамАЗ» унаасы мамлекетке алынды

Аткезчилик кылган жарандын «КамАЗ» унаасы мамлекетке алынды

Аткезчилик жүк ташып келе жатып кармалган жарандын «КамАЗ» унаасы мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 22-июнда Баткенде коңшу мамлекеттен «КамАЗ» унаасы менен дарбыз, күрүч жана башка азык-түлүктөрдү мыйзамсыз ташып келе жаткан Т.Ж. аттуу жаран кармалган.

«Мыйзамсыз аткезчилик боюнча козголгон административдик иштин алкагында, 21-октябрда Лейлек райондук сотунда автоунаанын айдоочусу Т.Ж. күнөөсүн мойнуна алган. Ага 60 миң сом айып пул салынып, товар үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө милдеттендирилди. Лейлек райондук сотунун токтому менен «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин пайдасына конфискацияланган», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>