Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Сасык тумоо: Бишкектеги бардык мектеп карантинге жабылды
15.12.2022 | 19:47
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен борбор калаанын бардык мектептери 15-декабрдан тарта онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка караганда, жетим балдар үчүн мектеп-интернаттардан башка бардык түрдөгү жана менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары онлайн режиминде билим алышат. 16-декабрдан тарта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн интернаттар да онлайн окутууга өтөт.
Эскертке кетсек, жыл башынан бери курч респиратордук вирустук инфекциянын 78 миң 656 учуру, ал эми былтыр ушул мезгилде 78 миң 368 учур катталган.
Өлкө боюнча мектеп окуучулары 16-декабрдан тарта онлайн окууга өтөөрү кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар