Чүй: Сокулукта 53 жаштагы киши тонолду

Чүй: Сокулукта 53 жаштагы киши тонолду

Сокулук районунда уюлдук телефон жана акча уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  2022-жылдын октябрь айында Сокулук РИИБне арыз менен Ново-Павловка айылынын тургуну 1969-жылы туулган О.К. аттуу жаран кайрылган, ал арызында белгисиз адамдарга чара көрүп берүүнү суранган, себеби октябрь айынын башында үйүнө жашыруун түрдө киришип 2 даана “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун жана 80 000 сом акчасын уурдап кеткен деп.

Аталган окуя Сокулук РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-беренесинде көрсөтүлгөн (уурдоо) кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан аталган кылмыш ишине шектүү катарында 2001-жылы туулган Н.Э. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин талаптарына ылайык, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>