«Шымың чечип зордуктайбыз». Ысык-Көлдө жаран кыйноого кабылды

«Шымың чечип зордуктайбыз». Ысык-Көлдө жаран кыйноого кабылды

Каракол шаарынын тургунун милиция кызматкерлери кыйноого алган. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Ысык-Көл областынын эли менен жолугушуу учурунда айтылды.

Жарандын апасы Акыйкатчыга уулунун укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери “аялды өлтүрдү” деген күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн анын уулун кыйнашкан.

“Аны уруп-сабап, кыйнашкан, басынтышкан — шымын чечип зордуктайбыз деп коркутушкан. Кайда гана кайрылган жокмун — баары жыйынтык бербей жатат, уулумдун укуктарын коргой албай жатам. Сот баламды 25 жылга кести. Укук коргоо органдары уулумдун киши өлтүрүүгө күнөөлүү экенин далилдей албасына көздөрү жеткенде сарайдын чатырына баңгизаты бар капты ыргытып кетишкен», — дейт ал.

Аял  үйүн тинтүү учурунда милиция кызматкерлери анын кулагындагы зер буюмдарына чейин алып кетишкенин кошумчалады.

“Ушул жерде айтылган адам укуктарынын бузулгандыгы боюнча иштерди Акыйкаты институтунун кызматкерлери мониторинг кылып жатат. Мен укук коргоо жана прокуратура органдарын, ошондой эле сот органдарын адамдын укуктары менен эркиндиктерин сактоону камсыздоого чакырам”, — деди Жамиля Жаманбаева.

Акыйкатчы менен жолугушууга Караколдун 170 жашоочусу катышып, көбү милиция, прокуратура, сот системасынын кызматкерлери тарабынан укуктары бузулуп жатканына арызданышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>