Бишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөтПолитехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдүПашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алындыБашкы прокуратура автоунаа алдамчылыгына айыпталган жаранды Молдова өлкөсүнөн кайтардыРубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландарыСадыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкуулады
Караколдун жашоочусунун үйүн мэрия “мамлекеттин керектөөсү үчүн” алып койду
25.11.2023 | 11:56
Каракол шаарынын жашоочусунун үйүн мэрия тартып алган. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Ысык-Көл областынын эли менен жолугушуу учурунда айтылды.
Калаа тургуну 25 жылдан бери акыйкаттыкка жете албай келе жатканын билдирди. Анын үйүн “мамлекеттин керектөөсү үчүн” деп муниципалитет алып койгон.
Аял мэрия менен көп жылдан бери соттошуп келе жатат.
Жолугушууда президенттин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров аталган маселени көзөмөлгө алып, аялдын укуктарын коргоону камсыздаш үчүн баардык чараларды көрөнү убадалады.
Акыйкатчы менен жолугушууга Караколдун 170 жашоочусу катышып, көбү милиция, прокуратура, сот системасынын кызматкерлери тарабынан укуктары бузулуп жатканына арызданышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом