Чүйдөгү Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунда «Төө-Ашууда» туман болуп, кар жаап жаткандыктан, 28-октябрга караган түнү саат 01:40тан баштап Сосновка постунда жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөй турат.
Жол милиция алар тыгындарды болтурбоо боюнча иш алып барып жатканын билдирип, айдоочуларды унаасынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды.
Транспорт министрлигинин кызматкерлер жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.