СOVID-19. Орусияда имараттын ичинде беткап тагынып жүрүү сунушталды

12.07.2022 | 16:03

Орусияда жабык имараттарда беткап тагынып жүрүү сунушталды. Бул тууралуу өлкөнүн Коронавирустук кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча оперативдүү штабы билдиргенин орус басылмалары жазды.

Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле Москвада да COVID-19 илдети көбөйүп жатканы белгиленет, бирок оперативдүү штаб бүгүнкү күндө шаарда оорунун деңгээли Европадагыдан төмөн бойдон калганын баса белгилейт.

Москвада COVID-19 инфекциясынын жаңы учурларынын саны өткөн жумага салыштырмалуу 57% көбөйдү.

«Москвада инфекция менен күрөшүү үчүн бардык зарыл болгон мүмкүнчүлүктөр жана бейтаптарды башкаруунун далилденген алгоритмдери бар. Шаардык поликлиникаларда ОРВИ боюнча дүжүр бөлүмдөрдүн иши мындан ары да күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө алар 40% гана жүктөлгөн», – деп айтылат билдирүүдө.

Scroll to Top