Айт намазда теракт жасоого аракет кылган чет элдиктер кармалды

Айт намазда теракт жасоого аракет кылган чет элдиктер кармалды

Бишкектеги айт намазы учурунда теракт жасоого аракет кылган чет элдиктер кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 7-июлда Курман айт майрамын белгилөөгө даярдык көрүү маалында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында боло турган терактка бөгөт коюлду.

Жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө эл аралык террористтик уюмга тиешеси бар Сириядан жасалма паспорт менен келген эки чет элдик жаран кармалды. Андан тышкары, Бишкек шаарында эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүнө жардам көрсөткөн Кыргызстандын бир нече жараны (көмөкчү) кармалды.

Тергөө тарабынан бул адамдардын Сириядагы согуштук аймакта бүлүнтүү жана террористтик даярдыктан өткөндүгү боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган. Кармалгандардын бири колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча нускоочу болгон.

Согушкерлердин Кыргызстандагы милдеттеринин бири үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда айт намазда террордук актка даярдануу болуп, алар борбордук аянтка жакын батирди ижарага алып, ошол жерден чалгындоо иштерин жүргүзүшкөнү аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына жайгаштырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: теракт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>