СOVID-19. Орусияда имараттын ичинде беткап тагынып жүрүү сунушталды

СOVID-19. Орусияда имараттын ичинде беткап тагынып жүрүү сунушталды

Орусияда жабык имараттарда беткап тагынып жүрүү сунушталды. Бул тууралуу өлкөнүн Коронавирустук кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча оперативдүү штабы билдиргенин орус басылмалары жазды.

Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле Москвада да COVID-19 илдети көбөйүп жатканы белгиленет, бирок оперативдүү штаб бүгүнкү күндө шаарда оорунун деңгээли Европадагыдан төмөн бойдон калганын баса белгилейт.

Москвада COVID-19 инфекциясынын жаңы учурларынын саны өткөн жумага салыштырмалуу 57% көбөйдү.

«Москвада инфекция менен күрөшүү үчүн бардык зарыл болгон мүмкүнчүлүктөр жана бейтаптарды башкаруунун далилденген алгоритмдери бар. Шаардык поликлиникаларда ОРВИ боюнча дүжүр бөлүмдөрдүн иши мындан ары да күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө алар 40% гана жүктөлгөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>