Ысык-Көлдөн ала качып кетишкен 16 жаштагы кыз Чүйдөн табылды

Ысык-Көлдөн ала качып кетишкен 16 жаштагы кыз Чүйдөн табылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булуң айылында 16 жаштагы кызды ала качып кетишкени боюнча укук коргоочу Камиль Рузиев билдирди.

Анын айтымында, Айгерим аттуу өспүрүм кыздын уурдалышы боюнча факт Каракол шаардык милициясында катталып, кийин Түп РИИБге өткөрүлгөн.

“Ала качып кетишкен кызды Кара-Балта шаарына жакын айылдардын биринен табышып, кайра Ысык-Көлгө жеткирип кетишкен”, — деди ал.

Ал эми Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына караганда, арызды Айгерим менен сүйлөшүп жүргөн жигиттин атасы жазган. Алдын ала алынган маалыматка караганда, кызды Кара-Балта шаарынын 20 жаштагы тургуну Ислам ала качып кеткен.

“Айгеримдин ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тартышкан жана бул боюнча чуу көтөрбөөнү өтүнүшкөн. Кыздын жашы жете электегине байланыштуу биз бардык тиешелүү иш-чаракеттерди жүргүзөбүз”, — деп билдиришти милициядан.

Ал эми укук коргоочу Камиль Рузиев акыйкатчы Атыр Абдрахматовадан жана ИИМден бул боюнча тез арада чара көрүүнү өтүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ала качуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>