Спирт ичимдиктерин ичүү коронавирус илдетинен сактабайт. Бул тууралуу Республикалык штаб атайын видео билдирүү таратты.
«Спирт ичимдиктерин ичүү сизди COVID-19 инфекциясынан коргобойт жана өмүрүңүзгө коркунуч келтириши мүмкүн. Спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү сиздин ден соолугуңузга байланышкан көйгөйлөрдү пайда кылышы мүмкүн», — деп айтылат видеодо.
Белгилей кетсек, коомчулукта айрым адамдар спирт ичимдиктерин ичүү коронавирустан сактай тургандыгын айтып келишет.