Сурабалдиева: Матраимовдун батирлерин ал тууралуу үн катпай келген УКМКга берген туура эмес

Сурабалдиева: Матраимовдун батирлерин ал тууралуу үн катпай келген УКМКга берген туура эмес

Раимбек Матраимовдун батирлерин ал тууралуу үн катпай келген УКМКнын кызматкерлерине берүү туура эмес.  Мындай пикирин Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева “Фейсбук” баракчасына жазды.  

Ал көп жылдан бери Матраимов тууралуу журналисттик иликтөөлөргө үн катпаган УКМКнын кызматкерлерине ал батирлерди берүү туура эместигин, мүмкүн болсо аялуу катмардагы адамдарга бергенде туура болмок деп эсептейт. 

Ошондой эле бул батирлерди сот аркылуу гана алууга мүмкүндүгүн кошумчалаган.   

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөгө келтирген зыянын толуктоо үчүн Матраимов өткөрүп берген мүлктөрүнүн ичинен 9 батир УКМКнын кызматкерлерине берилерин айткан.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>