Түрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитишти

2026-жылдын 2-октябрында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өтүп, анда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелери талкууланды.
Жыйынга Азербайжандын саламаттык сактоо министри Теймур Мусаев, Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова, Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурулла Окумуш, Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Отабек Имамов, ошондой эле ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты. Кыргызстанды саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов өкүлчүлүк кылып, жыйынга модераторлук кылды.
Тараптар улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон маселелерди талкуулашты. Алардын ичинде дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу, кадрдык потенциалды өнүктүрүү, ошондой эле медицинада санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү маселелери каралды.
Дамир Осмонов тажрыйба алмашуудан конкреттүү биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өтүү зарылдыгын белгиледи.
«Биз саламаттык сактоо системаларын чыңдоого жана жарандарыбыз үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзө турган биргелешкен долбоорлорго, кесиптик алмашууларга жана практикалык өз ара аракеттенүү механизмдерине ырааттуу өтүшүбүз керек», — деди ал.
Кадрдык ресурстар жаатында Кыргызстан кадрларга болгон узак мөөнөттүү муктаждыкты болжолдоо, адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, стажировкадан өтүү жана медицина кызматкерлери менен алмашуу программаларын кеңейтүү, ошондой эле кадрларды пландаштыруу процесстерин санариптештирүү боюнча кызматташууну күчөтүүнү сунуштады.
Жасалма интеллект жаатында кыргыз тарап аны жоопкерчиликтүү колдонуу боюнча жалпы ыкмаларды иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдирди. Мында бейтаптардын коопсуздугун камсыз кылуу, медициналык маалыматтарды коргоо жана чечим кабыл алууда дарыгердин жоопкерчилигин сактоо эске алынат.
Осмонов чек ара аралык медициналык кызматташууга да өзгөчө көңүл бурду. Кыргыз тарап телемедициналык консультацияларды жана медициналык маалымат алмашууну өнүктүрүүнү, жарандарды чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүү механизмдерин системалаштырууну, ошондой эле 2027-жылы электрондук медициналык жолдомолордун жана көчүрмөлөрдүн пилоттук механизмин иштеп чыгууну сунуштады.
Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар ТМУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы келишимдерин жана кызматташтыктын багыттарын бекемдеген Биргелешкен декларацияны кабыл алышты.
Тараптар ТМУнун саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгы боюнча 2026–2027-жылдарга Иш-аракеттер планын бекитип, артыкчылыктуу багыттар боюнча координаторлорду аныктоого жана демилгелердин ишке ашырылышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөгө макулдашышты.
Декларацияда «TurkEMT» демилгесин өнүктүрүү, Түрк фармакопеясынын алкагында кызматташуу, медицина кызматкерлеринин кесиптик өнүгүү программаларын ишке ашыруу, адистер жана студенттер, анын ичинде стипендиялык программалар аркылуу алмашуу каралган.
Өзүнчө багыт катары жасалма интеллектти диагностикада, медициналык визуалдаштырууда, илимий изилдөөлөрдө жана саламаттык сактоону башкарууда жоопкерчиликтүү колдонуу белгиленди.
Мындан тышкары, тараптар жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө, медициналык туризмди, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, трансплантологияны жана геномдук технологияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле медициналык инфраструктуранын климаттын өзгөрүшүнө жана өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугу жаатында тажрыйба алмашууга макулдашышты.
ТМУ мамлекеттери үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды биргелешип сатып алуу механизмин өнүктүрүү да практикалык чечимдердин бири болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында ТМУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынын Түркияда өткөрүү чечими кабыл алынды.
Жыйынды жыйынтыктап жатып, Осмонов өлкөлөрдүн улуттук саламаттык сактоо системаларындагы айырмачылыктарга карабастан, жалпы маселелер көп экенин белгиледи. Алардын катарына дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү, системаны квалификациялуу медициналык кадрлар менен камсыз кылуу, саламаттык сактоону санариптик трансформациялоо, заманбап технологияларды коопсуз колдонуу жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу кирерин айтты.