Бишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдү

Бишкекте эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланууда.
Рейддик иш-чараларды шаардын райондук муниципалдык администрациялары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка жооптуу органдардын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүүдө. Текшерүүлөр базарларда, кичи базарларда, соода комплекстеринде, дүкөндөрдө жана башка соода түйүндөрүндө жүргүзүлүүдө.
Рейддердин жүрүшүндө бааларга мониторинг жүргүзүлүп, мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилүүдө. Ошондой эле сатуучуларга жана ишкерлерге эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мисалы, Октябрь районунда «Орто-Сай» базары, 4 кичи базар жана 23 соода түйүнү текшерилди. Свердлов районунда уй жана кой этинин бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Ленин районунда рейддик иш-чаралар «Ош базары» соода-базар комплексинин аймагында өткөрүлдү. Биринчи Май районунда 2025-жылдын 15-августунан 2026-жылдын 28-сентябрына чейин 181 рейддик иш-чара өткөрүлгөн.
Мониторингдин алкагында соода субъекттерине ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо жана соода жүргүзүү үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу боюнча да түшүндүрүү берилүүдө. Свердлов районунда соодагерлерге сунушталган баалар айтылды: уй этинин бир килограммы — 770 сом, кой этинин бир килограммы — 880 сом.
Бааларга мониторинг жүргүзүү рыноктогу туруктуулукту камсыз кылууга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө багытталган. Бишкек шаарынын райондорунда эт азыктарынын бааларын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар уланууда.