Бишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштадыКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштары
Башкы прокуратура абаны булгаган компаниядан 132 млн сом өндүрдү
02.10.2026 | 13:29

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы экологиялык мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жүрүшүндө айлана-чөйрөнү булгаганы үчүн милдеттүү төлөмдөрдү узак убакыттан бери төлөбөй келген фактыларды аныктады.
Тактап айтканда, «А.О.» ЖЧКсы 2021-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү аныктоо методикасынын талаптарын бузуп, кыймылдуу булактардан атмосфералык абага зыяндуу заттарды чыгарганы үчүн милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында төлөгөн эмес.
Натыйжада мамлекеттик бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат түшпөй калган.
Башкы прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында «А.О.» ЖЧКсынан мамлекеттик бюджетке 132 млн 148 миң 843 сом өлчөмүндөгү карыз толугу менен өндүрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Генпрокуратура