Кыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жетти

03.10.2026 | 11:00
Кыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жетти — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны — башкача айтканда, өлкөдө расмий каттоодо турган адамдардын саны — 2026-жылдын башына карата 7 млн 404 миң адамды түздү. Ошол эле учурда калктын иш жүзүндөгү саны, башкача айтканда, эсепке алуу учурунда өлкөдө фактически болгон адамдардын саны 6 млн 730 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

674 миң адамды түзгөн айырма негизинен эмгек миграциясы менен түшүндүрүлөт. Башкача айтканда, Кыргызстандын аймагындагы жашаган жери боюнча каттоосун сактап, бирок узак убакыттан бери чет өлкөдө, негизинен Россияда жашап жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен байланыштуу.

Шаар калкынын үлүшү 42,3%га чейин көбөйсө, айыл калкынын үлүшү 57,7%га чейин төмөндөдү. Буга 2025-жылы Гүлчо шаарынын түзүлүшү себеп болгон. Калктын орточо жыштыгы бир чарчы километрге 37 адамды түздү.

2025-жылы калктын өсүү темпи 1,7%ды түздү. 2025-жылы, 2024-жылдагыдай эле, тышкы миграциянын оң сальдосу сакталып, 15 миңден ашты. Натыйжада жыл ичинде калктын жалпы өсүшү 122,5 миң адамды түздү.

Калктын эң жогорку өсүшү Бишкек шаарында (2,8%) жана Ош шаарында (2,6%), ошондой эле Баткен облусунда (1,8%) катталган. Эң төмөн өсүш Ысык-Көл (0,8%) жана Нарын (0,4%) облустарында болгон.

Scroll to Top