Таласта сегизинчи класстын окуучусу кош бойлуу болуп калды. Бул тууралуу маалыматты облустук милициядан Reporter.kg′ге тастыктады.
Маалыматка караганда, бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Маалымат 6-июлда эсепке алуу электрондук журналына катталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн милиция өспүрүмдүн кош бойлуу курагы боюнча толук маалымат берүүдөн баш тартышты.
Айрым маалыматтарга караганда, кыз 2007-жылы туулган. Ал эми жашы жете элек өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган деп шектелген 2004-жылы туулган жигит.