Ташиев курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолукту

Ташиев курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев ага ачык кайрылуу жолдогон бир катар курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, куруучулардын ачык кайрылуусу Бишкек шаарынын түштүк зонасында курулуш объектилерине техникалык шарттарды берүүнүн жана аларды туташтыруунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жокко чыгаруу сунушуна байланыштуу болуп саналат.

Курулуш компанияларынын өкүлдөрү бул маселе үч жылдан бери чечилбей келе жаткандыгын, ошол эле учурда жүктөмдү эсептөө колдонуудагы нормаларга туура келбестигин жана андан он эсе жогору экендигин белгилешти.

Өз кезегинде К.Ташиев тармактык мамлекеттик органдарга түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгууну тапшырды жана салыктарды ак ниет төлөгөн ишкерлерди колдоого алуу мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин баса белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>