Жапаров “Алтын сертификат” алгандарды куттуктады

Жапаров “Алтын сертификат” алгандарды куттуктады

“Элибиздин эң негизги байлыгы – бул чыгармачыл, илимдүү, интеллектиси жогору, коомго пайдалуу жаштарды тарбиялоо”,- деп белгиледи Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган орто мектеп жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшыруу учурунда.

Бүтүрүүчүлөрдү куттуктап Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда деп баса белгилеп, билим берүү системасына комплекстүү чара көрүүнү колго алып келебиз.

Мына ошол өлкөбүздүн үмүтү болгон кыргыз элинин таланттуу, билимдүү, мыкты, алдыңкы бүтүрүүчүлөрү менен бүгүн жолугушуп, жүз көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку баллга ээ болгон бүтүрүүчүлөр менен ата-энелери, окуткан мугалимдери эле сыймыктанбастан, баарыбыз – жалпы Кыргызстан эли сыймыктанып турабыз.

Канткен менен силер алдыдагы жашооңорго бекем пайдубал болуп бере турган мектеп жылдарын артка калтырып, ата-энеңер  жана мугалимдериңер менен бирге өмүр жолуңардын эң маанилүү бөлүгүн басып өттүңөр. 11 жыл бою билим чырагын колуңарга алып, талбай окуп, көз майыңарды коротуп, мээнет кылып, ошол мээнетиңердин жемишин татып отурасыңар. Бирок “Билим алуу ийне менен кудук казгандай” дегендей, нагыз билимдин даңгыр жолуна эми түшкөнү турасыңар.

Келечекте татыктуу кесиптин ээси болууга умтулуп, улуу максаттарды алдыга коюп, багытыңарды аныктап алдыңыздар деп ишенип турам. Себеби, алысты көрө билген адам гана алдыдагы максаттарына терең билим алуу менен гана жетерин азыртан аңдап-билип, ага жетүүгө талпынат. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгындагы алган баллыңар силердин бул багыттагы аракетиңердин үзүрү болуп калды.

Ага жараша мамлекетибиз дагы мыкты бүтүрүүчүлөрдүн, өлкөбүздүн жигердүү жаштарынын Ата Мекенин алга сүрөйм деген дымагын коштоп, алардын чыгармачыл, илимий жана кесиптик потенциалына ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатат.

Билим алууга болгон үмүт-тилегиңер орундалып, аракетиңер арбып, арышыңар кеңейсин!. Келечекке жол чаап берген мектебиңерден алган билимиңер мындан аркы окууңарга бекем пайдубал болуп, андан ары Ата Журтуңарга пайда алып келишин тилейм.

Билим уясы болгон мектепти окуучу, мугалим жана ата-эне деген 3 жактуу обьектисиз элестетүү эч мүмкүн эмес. Өлкөбүздү өнүктүрүүнүн өзөгүндө окуучуларыбыз турса, алардын билим кенин казуудагы баскан жолунда дем берген, күч берген, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, алга сүрөгөн асылзат устаттар дал ушул мугалимдер менен ата-энелер эмеспи.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, аларга биз силер менен кошо башыбызды ийип таазим кылабыз, ар дайым ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

“Алтын сертификат” ээлеринин саны 2020-жылы 53 болсо, 2021-жылы 58ге жетип, 2022-жылы 57 жеңүүчү аныкталды. Аймактардан келген бүтүрүүчүлөрдүн мыктыларын дагы өзүнчө белгилеп айтуу мен үчүн абдан кубанычтуу жагдай болуп турат.

Пандемиянын дагы билим берүүгө таасири тийбей койгон жок, бирок талапка ылайык билим алууга эч нерсе тоскоолдук кыла албайт деп далилдеп, өзүңөрдү көрсөтө алдыңар.

Бүгүнкү билим берүү атаандаштыкка багытталган жана мамлекеттин гүлдөп — өнүгүшүн камсыз кылган жогорку деңгээлдеги билим болушу зарыл.

Азыркы учурда жогорку инновациялык технологиялар заманында биздин коомчулук билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, билим сапатынын жакшырышына багытталган реформалардын алдыга жылышына кызыкдар.

Бүгүн коомчулук негизги ресурс болгон — адам потенциалын түзүүгө жана өнүктүрүүгө активдүү инвестиция жасап жатат. Себеби ааламдагы эң кымбат ресурс — бул адам акылы, билими.

Билим берүү тармагындагы инвестициялар экономикалык адилеттүүлүктү өнүктүрүүдөн, жакырчылыкты кыскартуудан, толук кандуу заманбап саясий системаны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон интеллегенцияны  калыптандырууга  чейинки ар кандай социалдык таасирлерди камтыйт.

Кайсы гана мамлекетте болбосун, өлкөнүн келечеги — бул таланттуу жаштар, башкача айтканда, сиздер, кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

Биздин улутубуздун эң негизги байлыгы – бул чыгармачыл, илимдүү, интеллектиси жогору, коомго пайдалуу жаштарды  тарбиялоо.

Силерди жеңишке таптап, ишеним арткан, коомубуздун татыктуу жарандарын тарбиялап өстүргөн ата-энлерге жана мугалимдерге өзгөчө ыраазычылык билдиремин.

Мен сиздер менен сыймыктанам жана ар бириңиздер сүйүктүү кесипке ээ болуп, өз тармагыңызда мыкты адис болуп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошоруңарга бекем ишенем.

Сиздерге, биринчиден, бекем ден соолук каалайм, улам жаңы бийиктиктерди багындыргыла.

Мектепте окуган жылдардын жыйынтыгын чыгарып, билимиңерди тереңдетип, жаңы багыт алганы турасыңар, жолуңар байсалдуу болсун. Келечегиңердин кең, эгемендүү  Кыргызстандын  бактылуу жаштарынан болушуңарга тилектешмин.

Турмуш жолунда кандай гана бийиктиктерди багындырбагыла, силердин бар байлыгыңар – туулган жериңер менен кыргыз элиңер экенин эсиңерден чыгарбагыла.

Дайыма мамлекетиңиздерге кызмат кылып жүрө бериңиздер!”-деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>