Таластагы «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө пункту реконструкцияланууда

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө пунктунда ири реконструкция иштери жүрүп жатат. Долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда.
Аймактагы өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, жаңылануу алкагында чек ара бекетинин айланасы жана кирип-чыгуу жолдору толук асфальтталып, жол белгилери жана чийиндери жаңыртылды. Мындан тышкары, транспорт каражаттарынын тыгынын азайтуу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында тилкелердин саны 2ден 4кө чейин кеңейтилди.
Реконструкциянын жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн президенттин Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Эрмат Жумаев жана аймактык укук коргоо органдарынын жетекчилери жеринде текшерүү жүргүзүштү.
Курулуш иштери аяктагандан кийин чек арадан өтүү кыйла жеңилдеп, туристтер үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлөрү белгиленүүдө.