Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Бишкекте 18 жаштагы келин изделүүдө
19.09.2025 | 21:00

Бишкекте 2007-жылы туулган Альбина Кубатова дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, ал 13-сентябрда Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. Жолдошу милицияга арыз менен кайрылган. Келиндин жанында уюлдук телефону болбогон.
Милиция Кубатованы көргөн же билгендер болсо, төмөнкү номурларга кабар берүүнү суранат:
📞 (0312) 35-29-47, 35-12-70
📞 0702 567 388 же 102
Рубрики: Жаңылыктар, Коом