Талас шаарында тамак-аштан массалык уулануунун кезектеги учуру катталды. Тогуз адам жабыркап, алардын төртөө — 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Мамсанэпидкөзөмөлдөн билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча, жабыркагандардын баары 14-июнда «Казан Шаверма» тез татым жайынан шаурма жешкен. Алар уулануунун белгилери менен кечке маал медициналык жардамга кайрылып, амбулатордук дарыланууга жиберилген.
Белгилей кетсек, бул акыркы эки жуманын ичинде ушул эле жайга байланыштуу экинчи окуя. 30-майда «Казан Шавермадан» шаурма жегенден кийин 12 адам ууланган. Анда тамактануучу жайга болгону 36 миң сом айып пул салынган.
Учурда тез татым жайынын иши токтотулду. Санэпидкөзөмөл адистери милиция менен биргеликте иликтөө жүргүзүп, продукциядан жана жуундудан лабораториялык анализ үчүн үлгүлөр алынды.