Татарстандын бийлиги президент Минниханов Раиса Атамбаевага унаа белек кылды деген маалыматты четке какты

Татарстандын бийлиги президент Минниханов Раиса Атамбаевага унаа белек кылды деген маалыматты четке какты

Кечээ, 30-декабрда жергиликтүү басмаларда Татарстандын президенти Рустам Минниханов Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага унаа белек кылып, айдоочу да жалдап берген деген маалымат тараган. Бул маалыматты Татарстан президентинин басма сөз кызматы четке какты.

Татарстандын басма сөз кызматы президент Рустам Миннихановдун атынан эч кандай Кыргызстандын мурдагы ажосу Алмазбек Атамбаевдин үй бүлөсүнө унаа берилген эместигин белгилешти.

«Рустам Минниханов Кыргызстанда 2019-жылдын июнь айларында татар диаспорасы менен жолуккан. Жолугушууда активисттер «Туган тел» татар борборуна унаа белек кылуусун өтүнүшкөн. 2019-жылы бул уюм 30 жылдыгын белгилегенин эске алып, Минниханов муну колдогон», — деп жазылат билдирүүдө.

Татарстандын президентти өтүнүчтү орундатуу үчүн Дүйнөлүк татар конгрессиниин алкагындагы атайын фондго унаа сатып берип, диаспорага тапшырган. Унааны диаспора кантип колдонот, аны өздөрү чечет.

Белгилей кетсек, Татарстан президенти Рустам Минниханов Алмазбек Атамбаевдын аялы Раиса Атамбаевага унаа белек кылганын КСДПнын расмий баракчасына жазылган.

Анда Рустам Минниханов Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто жүргөн сүрөтүн көрүп, ага кымбат балуу унаа белек кылганы айтылган.

«Унаа менен бирге күйүүчү майга чыгымдарын жана айдоочунун айлыгын дагы которгон», — деген партия.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>