Бишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулду

15.11.2026 | 15:35
В Бишкеке на улице Манаса за одну акцию высадили 6 тысяч деревьев — Новости Кыргызстана

Бишкекте Манас көчөсүндө жашылдандыруу акциясынын жүрүшүндө бир аянтка бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейинки 6 миң дарак көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Отургузулган дарактардын 5 263ү гибриддик терек, 700ү тал, 37си алма. Көчөттөрдүн баары «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигинде өстүрүлгөн.

Жаңы көчөттөрдү сугаруу үчүн аянтка автоматтык сугат системасы орнотулду. Ал жерге кошумча көп жылдык бадалдарды жана гүлдөрдү отургузуу пландалууда.

Акцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, активисттер, шаар тургундары жана Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев катышты. Анын айтымында, гибриддик теректер шаарга эки жыл мурда илимий-изилдөө институтунан калемче түрүндө алынып келинип, Бишкекте өстүрүлгөн.

Жыл аягына чейин отургузулган дарактардын жалпы санын 30 миңге жеткирүү пландалууда.

Теги: мэрия
Scroll to Top