«Түндүк» ААКы жоюлду. Анын иши «Кызмат» мекемесине өткөрүлүп берилет

27.08.2026 | 15:38
«Түндүк» ААКы жоюлуп, анын иши «Кызмат» мекемесине өткөрүлдү — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров «Түндүк» ачык акционердик коомун (ААК) жоюу тууралуу жарлыкка кол койду. Ишкананын функциялары, милдеттери, финансылык жана материалдык каражаттары, ошондой эле активдери президенттин Иш башкармалыгына караган «Кызмат» мамлекеттик мекемесине өткөрүлүп берилет.

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, бул чечим маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана техникалык коштоо боюнча функциялардын кайталанышын четтетүү максатында кабыл алынган. Мурда бул милдеттерди аталган эки уюм бир убакта аткарып келген.

Белгилей кетсек, «Түндүк» платформасы жана мобилдик тиркемеси ишин толук көлөмдө улантат. Санариптик кызматтарды көрсөтүү тартиби өзгөрбөйт.

Ошондой эле, президенттин Иш башкармалыгына жоюу комиссиясын түзүү, уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу жана коомдун кызматкерлерин «Кызмат» мекемесине ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Scroll to Top