Түнкүсүн ызы-чуу кылып, тынчтыкты бузгандарга айып салына баштайт

Түнкүсүн ызы-чуу кылып, тынчтыкты бузгандарга айып салына баштайт

Кыргызстанда түнкүсүн ызы-чуу кылып, тынчтыкты бузгандарга айып салына баштайт. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 23-октябрда кабыл алынды.

Мыйзам «Тынчтык жөнүндө» деп аталат. Ага ылайык иш күндөрү саат 22:00дон 07:00го чейин, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дон 09:00го чейин эл жашаган жерде, коомдук жайларда дарылдатып музыка коюппу, ырдаппы, ышкырыппы, же дагы башкача, ашыкча үн чыгарууга болбойт. Болбосо жарандар 10 миң сом, ал эми кандайдыр бир мекеме-ишкана, кафе-ресторандар 28 миң сом айыпка жыгылат.

Айыпты милиция кызматкерлери салат. Белгиленген чектен ашкан үндү өлчөө үчүн алар атайын жабдык сатып алышат.

Бул мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>