ОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керекКара-Суу базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Милиция териштирүү баштадыБишкекте Политехникалык колледж көчүрүлбөйт — Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жообуКасымалиев өнүктүрүү фонддору каржылаган долбоорлор тууралуу айтып бердиУмра зыяратын уюштурган туркомпаниянын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды
Асланайым Аширова мамлекеттик циркти жетектейт
24.10.2024 | 09:40
Светлана (Асланайым) Аширова А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жаңы директорду эмгек жамаатка министр Алтынбек Максүтов тааныштырган.
Асланайым Аширова бүгүнкү күнгө чейин аталган циркте көркөм жетекчи болуп келген.
Цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом