Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Түнкүсүн ызы-чуу кылып, тынчтыкты бузгандарга айып салына баштайт
24.10.2024 | 09:20
Кыргызстанда түнкүсүн ызы-чуу кылып, тынчтыкты бузгандарга айып салына баштайт. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 23-октябрда кабыл алынды.
Мыйзам “Тынчтык жөнүндө” деп аталат. Ага ылайык иш күндөрү саат 22:00дон 07:00го чейин, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дон 09:00го чейин эл жашаган жерде, коомдук жайларда дарылдатып музыка коюппу, ырдаппы, ышкырыппы, же дагы башкача, ашыкча үн чыгарууга болбойт. Болбосо жарандар 10 миң сом, ал эми кандайдыр бир мекеме-ишкана, кафе-ресторандар 28 миң сом айыпка жыгылат.
Айыпты милиция кызматкерлери салат. Белгиленген чектен ашкан үндү өлчөө үчүн алар атайын жабдык сатып алышат.
Бул мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом