Убактылуу тынчтык бүттү. ЦАХАЛ Газа секторуна сокку урду

20.10.2025 | 13:50

Израил аскерлери ок атышууну токтотуу боюнча келишим бузулгандан кийин Газанын түштүгүндөгү ХАМАСтын позицияларына массалык соккуларды жасады. Бул тууралуу эл аралык ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, Израил аскерлери буга чейин ХАМАСтын жоокерлери Рафах аймагында Израил күчтөрүнө каршы ракета колдонуп, ок атышканын билдирген. Буга жооп катары Израил аба соккуларын жасап, террористтик инфраструктура жайгашкан аймактарды бутага алган.

Өз кезегинде ХАМАС Израилди келишимди бузду жана кагылышууну күчөттү деп айыптады. ХАМАСтын өкүлдөрү убактылуу тынчтыктын бузулушуна Израил тарап толугу менен жоопкерчиликтүү экенин билдиришти.

Ошол эле учурда Израилдин улуттук коопсуздук министри премьер-министр Биньямин Нетаньяхудан Газага карата аскердик операцияларды толугу менен калыбына келтирүүнү жана «операцияны аягына чейин жеткирүүнү» кайрадан талап кылды.

Буга чейин АКШ, Египет жана Катар мамлекеттеринин катышуусунда ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды алмашуу боюнча келишимге кол коюлган болчу.

Scroll to Top