УКМК: Көлбаевдин уюшкан тобуна таандык унаалар мамлекетке алынды

07.10.2022 | 16:13

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кылмыш кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.Анын (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды.

Мамлекеттин пайдасына алынган 5 унаанын баасы 33 млн сомдон ашат.

“Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп билдиришти атайын кызматтан.

[image_carousel source=”media: 158859,158860,158861,158862,158863″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top