Жапаров Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

Жапаров Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма  соз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкө лидерлери кыргыз-орус эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптардын түбөлүк союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгы белгиленди.

Өлкө лидерлери өз ара байланышты туруктуу негизде колдоону шартташышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>