УКМК: Көлбаевдин уюшкан тобуна таандык унаалар мамлекетке алынды

УКМК: Көлбаевдин уюшкан тобуна таандык унаалар мамлекетке алынды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кылмыш кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.Анын (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды.

Мамлекеттин пайдасына алынган 5 унаанын баасы 33 млн сомдон ашат.

«Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>