Бишкектин айрым көчөлөрүндө жаратылыш газы 3 күнгө өчүрүлөтКРнын Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк банк поликлиникалардын ишинин сапатын жакшыртатЖеке өнүгүүгө жардам берет: 8-класстар үчүн «Кыргыз жараны» программасы киргизилетРасмий түшүндүрмөлөрдү күткүлө». Эдуард Кубатов Пионер чокусунун аталышын өзгөртүү тууралууКөчмөндөр оюндарына даяр: Чолпон-Атадагы ат майданы капиталдык оңдоодон өттүКыргызстандын курама командасынын Көчмөндөр оюндарына арналган параддык формасы кандай — видео
УКМК: Нарында маданият кызматкерлери 1,5 млн сомду кымырып алган
18.09.2024 | 10:43
Нарында Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери 1,5 млн сом акчаны кымырып алганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, маданият кызматкерлери узак убакыттан бери өздөрүнө “аванс” катары акча жазып келишкен. Бирок ал акча маянадан кармалып калчу эмес.
Бухгалтердик текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, бюджетке келтирилген зыян 1 млн 5881, миң сомду түзгөн.
Аталган фактыга байланыштуу Ы.Т., Т.Ж., А.А., М.Р., М.А., Б.Р. жана А.Г. аттуу кызматкерлери суракка алынган. Алар акча кымырып алганын моюндап, акчаны толугу менен төлөгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом