Кыргызстанда «ЭлКат» эл аралык интернет-трафиктин жалгыз оператору болду

Кыргызстандын Министрлер кабинети «ЭлКат» ЖЧКсын өлкө аймагында эл аралык интернет-трафикти жеткирүү, транзит кылуу жана берүү боюнча жалгыз оператор кылып дайындады. 2026-жылдын 19-ноябрындагы №765 тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документте белгиленгендей, чечим Кыргызстандын санариптик суверенитетин бекемдөө, стратегиялык маалымат агымдарына мамлекеттик көзөмөлдү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Токтомго ылайык, «ЭлКат» маалымат берүү тармактарынын трансчегаралык туташуусун, ошондой эле эл аралык интернет-трафикти өткөрүүнү, транзит кылууну жана берүүнү аяктоону камсыз кылуу боюнча өзгөчө мөөнөтсүз укукка ээ болот.
Ошол эле учурда документте чечим Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы токтому менен аныкталган улуттук телекоммуникация операторлорунун статусун, укуктарын жана милдеттерин чектебей тургандыгы такталат.
Телекоммуникация операторлоруна төмөнкүлөр сунушталды:
• Эл аралык байланыш каналдарын ижарага алуу келишимдерин белгиленген тартипте «ЭлКатка» өткөрүп берүү.
• Эл аралык интернет-трафикти «ЭлКаттын» техникалык инфраструктурасы аркылуу гана алуу.
• Токтом күчүнө кирген күндөн тартып 60 календардык күндөн кечиктирбестен келишимдерди өткөрүп берүү мөөнөттөрүн жана графигин компания менен макулдашуу.
Тармактык жөнгө салуучу органга токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, ошондой эле «ЭлКат» менен биргеликте бардык байланыш операторлору үчүн бирдей шарттарды камсыз кылган ачык-айкын жана экономикалык жактан негизделген тарифтик саясатты иштеп чыгуу тапшырылды.
Кирешелер эмнеге багытталат
«ЭлКат» компаниясына алынган кирешелерди жана топтолгон каражаттарды биринчи кезекте стратегиялык маанидеги санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө багыттоо сунушталды.
Тактап айтканда, кеп төмөнкү багыттар тууралуу болууда:
• Маалыматтарды иштеп чыгуучу улуттук борборлорду жана эл аралык интернет-трафикке кирүүнүн бирдиктүү шлюздарын модернизациялоо.
• Трансчегаралык жана резервдик була-оптикалык байланыш линияларын куруу, алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
• Маалыматтардын эл аралык транзитин өнүктүрүү жана Кыргызстандын санариптик чөйрөдөгү экспорттук потенциалын кеңейтүү.
Токтом расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.