Binance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди1-декабрдан тарта Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт — Садыр ЖапаровФранция жана Германиядагы нааразылыктар: полиция менен кагылышууларКылмыштуулукка каршы күрөш, айлык жана турак жай: минкаб башчысы КР ИИМинин иши тууралууУн, май жана эмерек: чакан жана орто бизнестин өнөр жайдагы үлүшү өстүЮристтин ордуна жасалма интеллект? КУУнун студенти «Мыйзамчы» укуктук жардамчысын кантип түздү
КМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары лабораториясы ачылды
20.09.2026 | 10:30

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары лабораториясы ачылды. Ал Кытайдын «Greenleaf Technology Group» компаниясы менен биргеликте түзүлдү. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Жаңы лаборатория илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, технологиялык иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу, студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү жана билим берүү менен өндүрүштүн байланышын өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болот.
Министрликтин маалыматында, КМТУ менен «Greenleaf Technology Group» компаниясынын кызматташтыгы химиялык технологияларды өнүктүрүүгө, адистерди даярдоого жана илимий иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим
Теги: КМТУ, лаборатория