Садыр Жапаров АКШнын Юта штатынын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулады

19-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана Сенаттын президенти Стюарт Адамс менен жолукту. Солт-Лейк-Сити шаарында өткөн жолугушууда башчылар Кыргызстан менен Юта штатынын ортосундагы экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда ошондой эле тоо-кен өнөр жайы, туризм, спорт, маалыматтык технологиялар, финансы жана инфратүзүмдү өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери каралган.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган. Ал акыркы жылдарда Кыргызстанда болуп жаткан ийгиликтер, ишке ашырылып жаткан ири масштабдуу долбоорлор тууралуу айтып берип, өлкө ишкердик байланыштарды чыңдоого жана АКШдан келген инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
Өз кезегинде Сенаттын президенти Стюарт Адамс штаттын экономикалык жана тоо-кен тармагындагы көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берген. Ал эми губернатор Спенсер Кокс өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айткан.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров губернатор Спенсер Коксту Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырган.