Улуттук банк Бишкектеги акча алмаштыруучу жайга айып салды.
Маалыматка караганда, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бирок Улуттук банк алмашуу бюросунун аталышын ачыктаган жок.