Улуу Британия “Капитал Банкка” санкция салды. Банк бул боюнча расмий маалымат берди

Улуу Британиянын өкмөтү Кыргызстандын “Капитал Банкына” карата санкция салды. Бул тууралуу британ өкмөтүнүн расмий сайтында маалымдалды.
Улуу Британиянын Финансылык санкцияларды көзөмөлдөө башкармалыгы (OFSI) жарыялаган санкциялык тизмеге ылайык, банкка карата бир нече чектөөлөр киргизилген. Тактап айтканда, банктын активдери тоңдурулган, директорду дисквалификацмялоо каралган, корреспонденттик банкттык мамилелерди жана төлөмдөрдү иштетүүгө, ошондой эле траст кызматтарына тыюу салынган.
“Санкциялардын таасири уланып жаткан шартта Орусия Кыргызстандын каржы секторуна акчаны көмүскө каржы тармактар аркылуу, анын ичинде криптовалютаны колдонуп өткөрүү үчүн кайрылган. Бул тармактар Улуу Британия жана анын өнөктөштөрү киргизген санкциялардан качуу үчүн татаал схеманы түзгөн”,- деп билдирди британ өкмөтү.
Бүгүн, 21-августта “Капитал Банк” бул боюнча расмий маалымат берип, банк санкцияларды айланып өтүүгө байланыштуу операцияларга тиешеси жок экенин билдирди.
“Акыркы жумаларда коомдук мейкиндикте “Капитал Банктын” санкцияларды айланып өтүүгө байланыштуу операцияларга катышуусу мүмкүн экендиги тууралуу тастыкталбаган божомолдор айтыла баштады. Биз расмий түрдө билдиребиз: Капитал Банктын мындай аракеттерге эч кандай тиешеси жок жана болушу мүмкүн эмес. Банктын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле финансылык жөнгө салуу жана сактоо боюнча эл аралык талаптарга ылайык келет”,- деп айтылат банк жарыялаган маалыматта.