Кегетидеги каргаша: 6 жаштагы баланын сөөгү табылдыКыргызстандыктар банктарга рекорддук суммадагы акчасын ишенип тапшырышты. Буга эмне себеп болду?Анара Дауталиева: биокоопсуздук маселелери коомдун көзөмөлүндө болушу керекИлим, бий жана күч: Бишкектеги искусство, илим жана спорт ишмерлеринин эстеликтериПетербургда КР Башкы прокуратурасынын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси талкууландыАлымбек датка менен Курманжан датканын урпагы кыргыз жарандыгын алды
Унаанын терезесинен тулку боюн чыгарган эки кыз үчүн айдоочу айыпка жыгылды (видео)
05.08.2024 | 12:43
Боом капчыгайында Hyundai Sonata унаасынын жүргүнчүлөрү терезеден тулку боюнча чыгарганы үчүн айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга Боомдун ичиндеги жолдо бараткан Hyundai Sonata’дагы эки кыз терезеден тулку боюн чыгарганы тартылган видео тараган.
Бул окуядан кийин жол коопсуздугун караган кызматкерлер унаанын айдоочусун издеп таап, “автоээнбаштык” беренеси боюнча 15 миң сом айып пул салган. Ошондой эле анын темир тулпары айып короосуна коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом