Бишкекте дайынсыз жоголгон бир туугандар изделүүдө

22.06.2026 | 09:53
Бишкекте дайынсыз жоголгон бир туугандар изделүүдө — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында Эрматов Ырыскелди жана Ибрайимова Роза аттуу бир туугандар дайынсыз жоголуп, эки күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы кабарлады.

Маалым болгондой, өспүрүмдөр 20-июнда саат 16:30 чамасында шаардын Лазурный көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.

Өспүрүмдөрдүн белгилери:

Эрматов Ырыскелди 2015-жылы туулган. Бою 135–140 см, чачы жана көзү кара түстө. Жашыл түстөгү футболка, кара шорты жана кара спорттук бут кийим (кроссовки) кийип жүргөн.

Роза Ибрайимова 2013-жылы туулган. Бою 130–135 см, чачы күрөң, көзү кара. Кызгылт түстөгү спорттук костюм жана кара бут кийим кийип жүргөн.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы өспүрүмдөр тууралуу маалыматы бар жарандарды (0312) 35-26-32 же 0702 011 317 телефондору аркылуу кабарлоону өтүнөт.

Теги: Бишкек
Scroll to Top