Кегетидеги каргаша: 6 жаштагы баланын сөөгү табылды

Кегетиде суу агызып кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул маалыматты Reporter.kg агенттигине КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан тастыкташты.
«Ал аймакта телефон байланышы жок болгондуктан, баланын сөөгүн ким, саат канчада жана кайсы жерден тапканы тууралуу толук маалыматты азырынча айта албайбыз», — деп кошумчалашты мекемеден.
Эске салсак, издөө иштерине ӨКМден 97 куткаруучу жана КР Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүнөн 44 аскер кызматкери тартылган. Ошондой эле издөө операциясына жергиликтүү тургундар жана ыктыярчылар да катышып жаткан.
Кырсык 2026-жылдын 23-июнь күнү катталган. «112» кызматына Кегети капчыгайында жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат түшкөн: жеңил унаанын тормозу кармабай калып, жардан сууга кулап кеткен. Унаанын ичинде эки чоң адам жана эки жаш бала болгон.
Чоңдор суудан өздөрү чыгып кетүүгө үлгүргөн, ал эми жашы жете элек эки баланы суу агызып кеткен. Буга чейин 12 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, ошол эле күнү туугандарына өткөрүлүп берилген болчу.
Анара Мамытова