Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Петербургда КР Башкы прокуратурасынын өкүлчүлүгүн ачуу маселеси талкууланды
26.06.2026 | 12:51

Кыргызстандын Башкы прокурору Максат Асаналиев Санкт-Петербург шаарында өткөн XIV Петербург эл аралык юридикалык форумуна катышты, — деп билдирет өлкөнүн башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы.
Форумдун алкагында Асаналиев РФнын Башкы прокурору, РФнын Юстиция министри, ошондой эле Беларустун Тергөө комитетинин төрагасы менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөнү такталды.
Тараптар укук коргоо чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелерин, анын ичинде соттолгондорду жазасын андан ары өтөө үчүн өзү жарандыгын алган мамлекетке өткөрүп берүү маселелерин талкуулашты.
КР Башкы прокуратурасынын РФдагы өкүлчүлүгүн ачуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Ведомствонун маалыматы боюнча, бул соттолгондорду өткөрүп берүү, кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү, экстрадициялоо жана Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом