Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Алымбек датка менен Курманжан датканын урпагы кыргыз жарандыгын алды
26.06.2026 | 12:28

Алымбек датка менен Курманжан датканын урпагы болгон Абдумалик Бекзат кыргыз жарандыгын алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов өзүнүн соцтармагында жарыялады.
Анын айтымында, Абдумалик – Алымбек датканын тун уулу Абдылдабектин түз урпагы. Анын жарандыкты алышына өлкө башчы Садыр Жапаров колдоо көрсөткөн.
"Кезинде тарыхтын татаал бурулуштарынан улам ата-бабаларыбыздын айрым урпактары чет өлкөлөрдө калып кеткен. Бүгүн алардын өз тамырына, өз элине кайтып келиши тарыхый адилеттүүлүктүн орношу катары бааланууга тийиш"- деп билдирди эл өкүлү.
Абдумалик Бекзат 2024-жылдын кышында Кыргызстанга кайтып келген. Анын бабасы Абдылдабек Алымбек датка уулу Ош вилайетинин беги болгон, ага “датка” наамы берилген. Ал 19-кылымдагы саясий окуялардан улам Алайдан Ооганстандын Бадахшанына көчүп кетүүгө аргасыз болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: жарандык