Касымалиев Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин ардактуу доктору болду

19.06.2026 | 15:57
Касымалиев Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин Ардактуу доктору болду — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземи анын Орусияга болгон жумуш сапарынын алкагында аталган окуу жайда өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Төрага ошондой эле университеттин окутуучулары жана студенттери үчүн «Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү» темасында лекция окуган. Ал өз сөзүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегине токтолгон.

Ошондой эле студенттерге кайрылып, алар алган билим жөн гана кесиптик карьеранын негизи эмес, мамлекеттердин, коомдордун жана бүткүл евразиялык мейкиндиктин келечегин калыптандырарын белгилеген.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев 1984-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.

Scroll to Top