КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Ысык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилди
25.06.2026 | 17:28

Ысык-Көл көлүнө 3 миллион 700 миң даана карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди. Иш-чараны Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмү өткөргөн.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында ылайык, 9 миллион 300 миң икрадан 3 миллион 700 миң личинка өстүрүлгөн. Чабактар көлдүн төмөнкү участокторуна коё берилген:
- 13-участок — 1,5 миллион даана;
- 15-участок — 1 миллион даана;
- 17-участок — 1,2 миллион даана.
Мындан тышкары, Тоң балык чарбасынын көлмөлөрүндө дагы 1 миллион даана балык өстүрүлүп жатканы айтылды. Аларды 2026-жылдын күз мезгилинде көлгө коё берүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Айыл чарба министрлиги, Ысык-Көл